Таласта дыйкандар төө буурчакты өздүк наркынан арзан сатууга аргасыз
Талас облусунда дыйкандар төө буурчактын сатып алуу баасынын төмөндүгүнө жана түшүмүн өткөрүүдөгү кыйынчылыктарга даттанууда. Бир килограмм төө буурчактын өздүк наркы 72 сомдун тегерегинде болсо, айрым өндүрүүчүлөр аны иш жүзүндө 55 сомдон сатууга аргасыз болууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова билдирди.
Анын айтымында, мамлекет төө буурчак сатып алууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлүп, кайра иштетүүчү заводдун курулушуна да колдоо көрсөткөн. Бирок продукцияны кабыл алуудагы көйгөйлөр дагы деле чечиле элек.
Депутаттын маалыматына караганда, алгач «Лопатка» сортундагы төө буурчактын баасы 135 сом, ал эми «Томатный» сортунуку 100 сом болгон. Учурда «Томатный» сорту 95 сомдон сатып алынууда. Бирок продукцияны кабыл алуу учурунда кошумча калибрлөө жүргүзүлүп, 40 пайызга чейин арзандатуу киргизилүүдө.
Мындан улам дыйкандар чыгымга учурап жатышат. Мындан тышкары, түшүм жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар үч-төрт күнгө чейин кезекте турушат. Депутаттын айтымында, кабыл алуу пункту саат 09:00дөн 18:00гө чейин гана иштейт. Ал эми аймакта көптөгөн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн тейлөө зарыл.
Кайрылбекова төө буурчак сатып алууну көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана дыйкандар түшүмүн тезирээк өткөрүп, акчасын алуусу үчүн кабыл алуу пунктун күнү-түнү иштөө тартибине өткөрүүнү сунуштады.
Ал белгилегендей, алты-жети ай эмгектенген айыл тургундары түшүмдөн түшкөн каражатка көмүр сатып алууну, кышка даярданууну жана үй-бүлөсүн камсыздоону көздөшөт.
Буга чейин депутат Медер Чотонов да ушундай эле көйгөйдү көтөрүп, төө буурчакты кабыл алуу убактысын узартып, кезектерди кыскартууга чакырган.
