2026-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 13 млн чейин туристти кабыл алууну күтүп жатат
сүрөт: depositphotos.com
25 ноябрь

2026-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 13 млн чейин туристти кабыл алууну күтүп жатат

2026-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 12,5-13 млн чет элдик туристти кабыл алууну күтүп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» программасында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкөгө 9 миллионго жакын чет элдик конок келген. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 миллионго жакын адамды түзгөн.

Кубатов белгилегендей, туристтик тармак пандемиядан кийин калыбына келип, өнүгүүсүн улантууда. Салыштыруу үчүн айтсак, 2019-жылы Кыргызстанга 8 миллионго жакын турист келген.

Учурда туризм тармагынын өлкөнүн ички дүң продукциясындагы (ИДП) үлүшү 4 пайыздан ашат. Ошол эле учурда мамлекеттин алдында келген туристтердин санын гана көбөйтпөстөн, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу милдети турат.

Бул багытта аймактык туризмди өнүктүрүүгө, жолдорду жана мейманканаларды курууга, ошондой эле жеке инвестициялар үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу пландалууда.