Бекмаат Масаидов Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Бекмаат Масаидов Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик

администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Масаидов Бекмаат Юлдашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.