Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты: үч кыргызстандык спортчу коло медаль жеңди
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
25 ноябрь

Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты: үч кыргызстандык спортчу коло медаль жеңди

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинки спортчулар арасында Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Султан Русланбеков, Селим Зунур жана Абдусомад Тынчтыкбеков коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

58 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Абдусомад Тынчтыкбеков мелдешти квалификациялык баскычынан баштап, польшалык Якуб Барденди 6:2 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда орусиялык Артем Шалаевге утулуп,коло медаль үчүн беттеште франциялык Мохамед Суфи Шираз Ахмадды 8:1 эсебинде жеңип, үчүнчү орунду ээледи.

Селим Зунур 62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде казакстандык Исмаил Кунаевди 3:0 эсебинде утуп, чейрек финалда азербайжандык Фуад Мехдиевди 2:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда россиялык Адам Чехоевге утулуп,коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык Абдулатиф Мадаминовду 4:0 эсебинде жеңип, байгелүү орунга ээ болду.

77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Султан Русланбеков квалификациялык беттеште казакстандык Тамирлан Жакеновду 6:3 эсебинде жеңди. Андан соң испаниялык Рауль Рейна Хорхени утуп, жарым финалда азербайжандык Амирхан Гулу Задага жеңилди. Коло медаль үчүн беттеште француз спортсмени Адеме Азиезди 1:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунду ээледи.