Манас шаарында аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы жүрүш жана флешмоб өттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Манас шаарында аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы жүрүш жана флешмоб өттү

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 25-ноябрда «Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» эл аралык өнөктүгүнүн башталышына арналган иш-чара өттү.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева, эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы, Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, аялдар менен кыздарды санариптик коркунучтардан коргоо, ошондой эле интернеттеги укукка каршы аракеттер үчүн жоопкерчилик маселелери талкууланды.

Өнөктүктүн алкагында «Биз зомбулукка каршыбыз!» аттуу флешмоб уюштурулуп, катышуучулар Барпы атындагы театрга чейин жүрүш жасашты. Театрда көрүүчүлөргө зомбулуктун кесепеттерине арналган «Кыйылган өмүр» аттуу социалдык спектакль тартууланды.

Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү жана жабыркагандарга психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.