Айыл чарбасын өнүктүрүү программасы: ири мүйүздүү малга жеңилдетилген насыя берилет, майда жандыкка – жок
25 ноябрь

Айыл чарбасын өнүктүрүү программасы: ири мүйүздүү малга жеңилдетилген насыя берилет, майда жандыкка – жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханджеза Чүй облусундагы Москва жана Сокулук районунун айыл чарба жаатында ишкерчилик кылган жарандарынын кайрылуусун жеткирди.

Айтымында, бул маселе бир гана аталган райондорго эмес, республиканын бардык аймагына таандык.

Депутат белгилегендей, мамлекет тарабынан айыл чарба жаатын жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу программасы ишке ашырылып жатканына карабастан, иш жүзүндө кой жана эчки чарбачылыгы менен алектенгендер мындай колдоону ала алышкан жок.

“Мамлекеттик банктар майда жандык менен алектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыя беришпейт. Алардын майда жандыктарды бордоп семиртүү боюнча долбоорлоруна кызыкдар эмес. Күрөө сурашат, жогорулатылган талап коюшат же насыя берүүдөн баш тартышат”, – деди ал.

Ханджеза “эмнеге мамлекеттик колдоосу ири мүйүздүү мал өстүргөндөр менен майда жандык кармагандарга бирдей шартта көрсөтүлбөйт” деген суроо койду.

Ал Айыл чарба министрлигин, Финансы министрлигин жана мамлекеттик банктарды ушул көйгөйгө көңүл бурууга чакырып, аны менен катар бир катар сунуштарын жолдоду.

“Мен жеңилдетилген насыялоо механизмин өркүндөтүүнү, кой жана эчки менен алектенгендер үчүн жеткиликтүү шарттарды караштырууну сунуштайм. Андан сырткары Кепилдик фондунун катышуусу менен сатып алынуучу малдын өзүн күрөө катары коюуга боло турган жолдорду караштырышыбыз керек”, – деди ал.