БУУ: Борбордук Азияда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын жана СПИДден каза болгондордун саны өсүүдө
Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ инфекциясынын жайылышына байланыштуу абал начарлоодо. 2010-жылдан бери ВИЧти жаңы жуктуруп алгандардын саны 17%га, ал эми СПИДге байланыштуу каза болгондордун саны 11%га өскөн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасынын (ЮНЭЙДС) жаңы баяндамасында айтылат.
Салыштыруу үчүн, дүйнө жүзүндө ушул мезгил аралыгында ВИЧти жаңы жуктуруп алгандардын саны 42%га, ал эми өлүм көрсөткүчү 57%га кыскарган.
ЮНЭЙДСтин маалыматына ылайык, 2025-жылы Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ инфекциясын жуктуруунун 120 миң жаңы учуру катталып, СПИДге байланыштуу оорулардан дагы 43 миң адам каза болгон. Жалпысынан аймакта ВИЧ менен жашаган адамдардын саны 2 миллионго жакын.
ЮНЭЙДСтин аймактык кеңешчиси Вера Ильенкованын БУУнун Жаңылыктар кызматына билдиргенине караганда, ВИЧ менен жашаган адамдардын 56%ы гана антиретровирустук терапия алышат. Ошол эле учурда 560 миңге жакын адам өз диагнозун билгени менен, дарылануудан өтпөйт.
Эксперт абалдын начарлашынын негизги себептери катары ооруну кеч аныктоону, алдын алуу чараларынын жетишсиздигин, басмырлоону жана медициналык жардамга кайрылууга тоскоол болгон мыйзамдык чектөөлөрдү атаган.
Анын айтымында, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия ВИЧти жаңы жуктуруп алгандардын саны да, СПИДден каза болгондордун саны да бир убакта өсүп жаткан дүйнөдөгү жалгыз аймак бойдон калууда.
