Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда 100дөн ашык беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда
Сүрөт: DepositPhotos
25 ноябрь

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда 100дөн ашык беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда

Кыргызстанда жакынкы эки-үч жылдын ичинде 100дөн ашык беш жылдыздуу мейманкана куруу зарыл. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» программасында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө төрт-беш жылдыздуу категориядагы 12ге жакын мейманкана бар. Бул эл аралык деңгээлдеги туризмди өнүктүрүү үчүн жетишсиз.

Кубатов заманбап мейманкана инфраструктурасынын жоктугу Кыргызстанга эс алууга ири каражат сарптоого даяр туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканын белгиледи.

Ал келечектүү багыттардын катарында «Ала-Тоо Резорт» сыяктуу ири курорттук комплекстерди өнүктүрүүнү жана аймактарда мейманканаларды курууну атады.

Атап айтканда, Баткен, Ош, Каракол жана туристтерди тартууга мүмкүнчүлүгү бар башка аймактарда мейманкана куруу долбоорлору талкууланып жатат.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси туристтик инфраструктура өлкөнүн бардык аймактарында өнүгүшү керектигин, ал Ысык-Көл менен Бишкекте гана топтолуп калбашы зарылдыгын баса белгиледи.

Анын пикиринде, заманбап мейманканалар чет элдик туристтердин өлкөдө болуу мөөнөтүн узартып, жергиликтүү бизнестин кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.