Садырбаева контрабанданы токтотуу үчүн базардагы ар бир товардын сертификатын талап кылууну сунуштады
Депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Өзбекстандан Кыргызстанга контрабандалык товарлар көп ташыла баштаганын билдирди.
Ал Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Салимовго кайрылып, бул жаатта кандай иштер болуп жатканына кызыкты.
“Бир убактарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жер астындагы каналдар табылган. Ал аркылуу контрабандалык товар ташып турушкан. Бирок каналдар аныкталып, жабылганы менен контрабанда токтогон жок. Бул Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет. Өзбекстанда өндүрүш көп, ал жактан чыгарылган продукциялар бизге көмүскө жол менен ташылып келүүдө”, - деди ал.
Ошондой эле депутат контрабандалык товарлардын келүүсүн токтотуу үчүн Чек ара кызматы Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте иштешип, базарлардагы ар бир товардын сертификатын тактоону сунуштады.
