Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандар 17%га көбөйдү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы боюнча оорулардын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 47-жумасында (16–22-ноябрь) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталган (интенсивдүү көрсөткүч — калктын 100 миңине 182,3 учур). Бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17,0%га жогору. Мурунку аптада 11 439 учур катталган. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу оорулардын саны 2,5%га өскөн.
Ооругандардын жалпы түзүмүндө 14 жашка чейинки балдар 67,1%ды (8 967 учур) түзөт.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөлдүн тандалма мониторинги улантылууда. Лабораториялык мониторингдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 40–47-жумаларында жалпы 737 үлгү алынган.
Респиратордук вирустардын айлануусу байкалууда. Алардын ичинен риновирустар — 44,1%, парагрипп вирустары — 25,1%, аденовирустар — 12,9%, сезондук коронавирус — 9,6%, бокавирустар — 7,4% жана башка вирустар 0,9%ды түзөт.
