Мэр Бишкек шаарын 2028-жылга чейин өзгөртүүнү убада кылды
видеодон алынган кадр
24 ноябрь

Мэр Бишкек шаарын 2028-жылга чейин өзгөртүүнү убада кылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2028-жылга чейин борбор калаа кыйла өзгөрүп, жаңы көрүнүшкө ээ болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал муниципалитеттин жамаатына жасаган кайрылуусунда айтты.

Мэрдин белгилешинче, шаардык кызматтардын учурдагы иш темпин дагы кеминде эки-үч жыл сактоо зарыл.

«Бишкек шаарынын 150 жылдыгына карата көптөгөн инфраструктуралык чечимдерди ишке ашырып, жаңы объектилерди куруубуз керек. Шаар таптакыр башкача болушу зарыл», – деди Жунушалиев.

Ал борбор калаанын мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилөө пландалып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле мэр 2021-жылдан бери Бишкекте мурда токтоп калган бир катар жолдордун жана балдар аянтчаларынын курулушу аяктаганын эске салды. Анын айтымында, шаардык кызматтар бир нече объектилерди иретке келтирип, көрктөндүрүү иштерин улантууда.

«Биз шаарды өзгөртө алабыз жана өзгөртүп жатабыз. Бул үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Мэр борбор калаанын келбетин мындан ары да өзгөртүү үчүн бардык муниципалдык кызматтардын биргелешип иштеши маанилүү экенин белгиледи.