Кыргызстан боюнча күздү ным топтоо сугатынын 96% аткарылды
2026-жылдын 23-ноябрына карата республика боюнча күзгү ным топтоо сугатынын алкагында 290,65 миң гектар жер сугарылды. Бул белгиленген пландын 96 пайызын түзөт.
Айыл чарба министрлигинен учурда ным топтоо иштери улантылып жаткандыгын билдиришти.
Учурда республика боюнча дарыялардан, суу сактагычтардан, булактардан жана жер астындагы суулардан секундасына 42,317 м³ суу алынып, негизинен күзгү ным топтоо сугатына берилүүдө.
Жыл башынан бери сугатка жалпы 5 млрд 222,06 млн м³ суу берилип, план 82 пайызга аткарылды. Ал эми сугарылган аянт 3 млн 9,46 миң гектарды түзүп, белгиленген пландын 80 пайызы аткарылды.
Күзгү сугаттын жалпы көлөмүнүн ичинен 219,69 миң гектары күзгү ным топтоо сугатына, 70,962 миң гектары күздүк эгиндерди себүүгө чейинки жана себүүдөн кийинки сугарууга туура келет.
Облустар боюнча күзгү ным топтоо сугатынын аткарылышы төмөнкүдөй:
- Баткен облусу – 56,991 миң гектар (план 123%);
- Ош облусу – 26,318 миң гектар (84%);
- Жалал-Абад облусу – 41,256 миң гектар (96%);
- Нарын облусу – 20,764 миң гектар (68%);
- Талас облусу – 42,9 миң гектар (91%);
- Ысык-Көл облусу – 42,728 миң гектар (93%);
- Чүй облусу – 59,695 миң гектар (105%).
Белгилей кетсек, сугат суунун жалпы көлөмүнүн пландагыдан аз болушуна жаз айларында, тактап айтканда апрель–июнь мезгилинде жаан-чачындын нормадан көп жаап, топурактагы нымдуулуктун жогору болушу себеп болгон. Натыйжада 78,3 миң гектар дан эгиндери жана 17,1 миң гектар көп жылдык чөп аянттары биринчи сугатка муктаж болгон эмес.
Күзгү ным топтоо сугаты айыл чарба өсүмдүктөрүн кийинки жылдагы вегетациялык мезгилге даярдоодо, топуракта жетиштүү нымдуулукту камсыз кылууда жана түшүмдүүлүктү жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан күзгү сугат иштерин уюштуруу жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү иштер улантылууда.
