Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан кетти
сүрөт социалдык тармактардан алынды
24 ноябрь

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан кетти

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан кетти. Ал бул кызматта бир жылдан бир аз ашык убакыт иштеди.

Сейтек Кулубаев президенттин 2025-жылдын 7-ноябрындагы тескемеси менен Баткен шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин райондук мамлекеттик администрацияларда жетекчилик кызматтарда иштеген.

Анын кызматтан кетишинин себептери расмий түрдө айтылган жок.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында жыйын өтүп, анда 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары каралган. Анын жыйынтыгында айрым жетекчилерге тартиптик чараларды көрүү, кээ бир акимдерди жана мэрлерди кызматтан бошотуу сунушталган. Бирок президенттин администрациясы чара көрүү сунушталган жетекчилердин аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Жыйында Садыр Жапаров жети облустун тургундары менен болгон жолугушууларда көптөгөн арыз-даттануулар түшкөнүнө көңүл бурган. Жалпысынан 1 миң 672 жаран 2 миң 286 маселени көтөргөн. Мындан тышкары, жазуу жүзүндө дагы 4 миң 967 кайрылуу келип түшкөн.

Мамлекет башчысы райондук жана облустук деңгээлде чечилиши керек болгон көптөгөн маселелер тиешелүү көңүл бурулбай, жетекчилердин демилгесинин жана жоопкерчилигинин жетишсиздигинен улам создуктурулуп жатканын белгилеген.

Ал мисал катары жарандардын керектүү документтерди айлап ала албай жүргөнүн, негизсиз чечимдерге туш болгонун, райондордо юридикалык жардамдын жоктугун жана жергиликтүү жетекчилерди таба албай жаткан учурларды келтирген.

Садыр Жапаров жетекчилерге көйгөйлөрдү өз алдынча изилдеп, берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чечим кабыл алууну, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууну жана борбордук бийлик органдарынын кийлигишүүсүн күтпөөнү тапшырган.

Ошол эле учурда Кулубаевдин кызматтан кетиши республикалык жыйындын жыйынтыктары же мониторингдин натыйжалары менен түздөн-түз байланыштуу экендиги азырынча расмий тастыкталган жок.