"Ала-Тоо Резорттун" ачылышында конокторду жол тандабас унаалар менен ташуу уюштурулат
1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында ачыла турган "Ала-Тоо Резорт" эс алуу жайына тоолуу аймактын жол шарттарына байланыштуу толук кышкы дөңгөлөктүү, өтүмдүүлүгү жогору, жолтандабас унаалар гана кире алат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.
"Ал жерден салтанаттуу ачылыш өтүүчү жайга чейин атайын даярдалган жол тандабас унаалар менен борборлоштурулган ташуу камсыздалат. Иш-чара аяктагандан кийин конокторду кайрадан унаа токтотуучу жайга жеткирүү да уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги иш-чаранын катышуучуларын жеке унааларын атайын белгиленген унаа токтотуучу жайга калтырууга, уюштурулган транспорт кызматынан пайдаланууга, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга жана мындай жол шарттарына ылайыкташпаган унаалар менен татаал тилкелерден өз алдынча өтүүгө аракет кылбоого чакырат.
