Кыргызстанда мыйзамдарды иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү санариптик система түзүлөт
Кыргызстанда ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана алардын аткарылышын баалоо процесстерин камтыган бирдиктүү санариптик чөйрө түзүү пландалууда.
Бул 2027–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын концепциясынын долбоорунда каралган.
Система мыйзам чыгаруу демилгесин каттоодон тартып, жөнгө салуучу таасирди алдын ала талдоо, документтин долбоорун иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү, мамлекеттик органдар менен макулдашуу, коомдук талкуулоо, кабыл алуу жана расмий жарыялоого чейинки бардык этаптарды бириктирет.
Документ күчүнө киргенден кийин да анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, иш жүзүндөгү таасирин баалоо жана зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул эле система аркылуу ишке ашырылат.
Ар бир долбоорго жана ченемдик укуктук актыга бирдиктүү идентификатор берүү сунушталууда. Системада документтердин бардык нускаларынын тарыхы, эскертүүлөр жана кабыл алынган чечимдер сакталат. Ошондой эле тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрү жана жооптуу кызматкерлердин иши көзөмөлдөнөт.
Мындан тышкары, коомдук талкуулоо порталы жана Укуктук маалыматтын борборлоштурулган маалыматтар банкы жаңыланат.
Келечекте автоматташтырылган жана интеллектуалдык инструменттер мыйзамдардагы карама-каршылыктарды, ченем жаратуу техникасынын бузулушун, документтердин кыргыз жана орус тилдериндеги версияларынын айырмачылыктарын, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди аныктай алат.
Ошол эле учурда автоматташтырылган талдоонун жыйынтыктары сөзсүз түрдө адистер тарабынан текшерилип, юридикалык экспертизанын ордун баспайт.
