Кант шаарынын мэри кызматынан кол жууп калды
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Кант шаарынын мэри кызматынан кол жууп калды

Кант шаарында 2026-жылдын тогуз айында жергиликтүү бийликтин иш планындагы 55 иш-чаранын 21и гана аткарылган. Бул тууралуу 23-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторинг пландаштыруу жана тапшырмаларды аткаруу боюнча бир катар кемчиликтерди аныктаган.

Мындан тышкары, Кант шаарынын иш планындагы иш-чаралардын басымдуу бөлүгү жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдарга жана салттуу иш-чараларга байланыштуу болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин абалы талаптагыдай эмес экени, ошондой эле таштандыларды өз убагында чыгарууда көйгөйлөр бар экени белгиленген.

Ошол эле күнү Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев өз каалоосу менен кызматынан кеткендиги белгилүү болду.

Ал алгач 2021-жылдын июнь айында шаардын мэри болуп дайындалган. 2024-жылдын апрель айында административдик-аймактык реформадан кийин Кантка облустук маанидеги шаар макамы берилип, Майлибашев кайрадан мэр болуп дайындалган.

Ошол эле учурда анын кызматтан кетиши мониторингдин жыйынтыктарына байланыштуубу же жокпу, расмий түрдө маалымдалган жок.