Өзгөндө үйүндө баңгизат сактаган жаран кармалды
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы
24 ноябрь

Өзгөндө үйүндө баңгизат сактаган жаран кармалды

Өзгөндө үйүндө баңгизат сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын үйүнөн жалпы салмагы 1 кг. 885 граммды түзгөн, өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшош зат алынган. Алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары улантылууда.