Улуттук госпиталда эндоваскулярдык дарылоо боюнча эл аралык мастер-класс өткөрүлдү
24 ноябрь

Улуттук госпиталда эндоваскулярдык дарылоо боюнча эл аралык мастер-класс өткөрүлдү

Улуттук госпиталда чакырылган эксперт Евгений Васильевич Мундун катышуусунда варикоцелени жана жамбаштагы варикоздук кеңейген кан тамырларды эндоваскулярдык жол менен дарылоонун заманбап ыкмаларына арналган эл аралык практикалык мастер-класс өткөрүлдү.

Окутуу медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу, клиникалык тажрыйба алмашуу жана аз инвазивдүү хирургия багытындагы практикалык көндүмдөрдү кеңейтүү максатында уюштурулду.

Мастер-класска госпиталдын урология, кан тамыр хирургиясы жана башка тиешелүү бөлүмдөрүнүн дарыгерлери катышты. Практикалык бөлүктүн алкагында Улуттук госпиталдын жабдууларын колдонуу менен медициналык кийлигишүүлөр көрсөтүлүп, иш жүзүндө аткарылды.

Окутуунун өзгөчөлүгү — анын госпиталдын клиникалык базасында түздөн-түз практикалык форматта өткөрүлгөндүгүндө. Айрым адистерди чет өлкөгө окутууга жөнөтүүдөн айырмаланып, экспертти чакыруу ар кандай бөлүмдөрдүн дарыгерлерин окуу процессине тартууга, ошондой эле келечектеги ишмердүүлүктө колдонула турган жабдууларда жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул алынган көндүмдөрдү иш жүзүндө колдонууга ыңгайлаштырууну жана аларды клиникалык практикага андан ары киргизүүнү жеңилдетет.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Талантбек Курбаналиевич Арстанкулов төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Биз эл аралык кызматташтык конкреттүү натыйжаларды беришине умтулабыз. Окутуу түздөн-түз госпиталда өткөрүлгөндө ага ар кандай бөлүмдөрдүн адистери катыша алышат, ал эми алынган көндүмдөр дароо биздин клиникалык базада практикаланат. Бул өздөштүрүлгөн ыкмаларды өз алдынча колдонууга команданы тезирээк даярдоого мүмкүндүк берет».

«Адистердин даярдыгы жакшы экенин, алардын кызыгуусун жана практикалык иштерге активдүү катышканын байкадым. Госпиталдын материалдык-техникалык жабдылышы мындай медициналык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүгө жана толук кандуу окутууну жогорку кесиптик деңгээлде уюштурууга мүмкүндүк берет», — деп баса белгиледи Евгений Мун.

Улуттук госпиталь эл аралык кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүнү, чет өлкөлүк эксперттерди тартууну жана медициналык адистер үчүн практикалык окутуу иш-чараларын уюштурууну улантат.