Бишкек: А. Бакаев жана Б. Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылына ачылды
2026-жылдын 23-ноябрынан тартып А. Бакаев жана Б. Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы кайрадан жандандырылды.
Эми айдоочулар аталган кесилиш аркылуу тоскоолдуксуз өтө алышат.
Кесилиштин ачылышы жол кыймылын жеңилдетип, айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Айдоочуларды жол белгилеринин талаптарын так сактоого жана жолдо этият болууга чакырабыз.
Белгилей кетсек, эми мэрия Бакаев көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралга) чейин улантуу иштеринин кийинки этабына киришет.
