Жалал-Абад: Курулуштагы мыйзам бузуулар үчүн 2 млн сомдон ашык айып пул салынды
23 ноябрь

Жалал-Абад: Курулуштагы мыйзам бузуулар үчүн 2 млн сомдон ашык айып пул салынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан өлкө аймагындагы курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана курулуш ченемдеринин сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында Департаменттин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы “Дастан Гранд Хаус” ЖЧКсына таандык төрт курулуш объектиси текшерилди:

1. З. Жамашев көчөсү 135 - 12 кабаттуу, 9 блоктон турган объект;

2. Ж. Абдрахманов көчөсү 3А - 15 кабаттуу, 27 блоктон турган объект;

3. Барпы Сейил көчөсү 179 - 9 кабаттуу, 5 блоктон турган объект;

4. Ж. Абдрахманов көчөсү 7/1 - 12 кабаттуу, 11 блоктон турган объект.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана курулуш ченемдеринин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталбагандыгы, ошондой эле жумуш орундарын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталды.

Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, “Дастан Гранд Хаус” ЖЧКсына жалпы 2 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.