Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь
2026-жылы Кыргызстан боюнча 1900 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү
2026-жылы Кыргызстан боюнча 1 500 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөө пландалса, бүгүнкү күндө 1 900 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч 2025-жылы болгону 1 545 чакырымды түзгөн.
"2021–2026-жылдары жалпы 5 781 чакырым жолго асфальт төшөлдү", - деп айтылат маалыматта.
Салыштыра кетсек, 2005–2020-жылдар аралыгында, тагыраагы, 15 жылда болгону 2 844 чакырым жол асфальтталган.
