Курулуш министрлиги
23 ноябрь
Нарын районундагы Ак-Кыя айылында 150 орундуу мектеп быйыл бүткөрүлөт
Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кыя айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 137 миллион сомду түзөт.
Мектептин курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштер 90 пайызга аткарылды. Билим уяны жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1611 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Мектепте предметтик окуу класстары, компьютердик класс, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы бар.
Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилүүдө.
