Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь
Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат
Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 26-ноябрында саат 08:00дөн 18:00гө чейин өтмөк аркылуу унаалардын жүрүүсү убактылуу токтотулат.
"Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы 3699-чакырымда жайгашкан кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Айланып өтүүчү жолдор төмөнкү багыттар аркылуу уюштурулат:
Кайыңды шаары, Трудовая көчөсү, 3703-чакырым;
Чалдовар айылы, Биринчи Май көчөсү, 3691-чакырым.
