Дурус Козуев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп Дурус Исакбаевич Козуев дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчини Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова окуу жайдын жамаатына тааныштырды.
