Ливияда Зеленскийди террорчулардын тизмесине киргизүү талабы айтылды
Markus Schreiber/Copyright 2026 The AP
24 ноябрь

Ливияда Зеленскийди террорчулардын тизмесине киргизүү талабы айтылды

Ливиянын Президенттик кеңешинин мүчөсү Муса аль-Куни Украинанын Бенгази портунун аймагындагы чабуулунан кийин өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийге карата чара көрүүнү, анын ичинде террорчуларды көзөмөлдөө тизмесине киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу Ливиянын мамлекеттик LANA маалымат агенттиги кабарлады.

Аль-Куни окуяны Ливиянын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, Украинанын аракеттерин «террордук» деп атап, аны Ливия мамлекетине согуш жарыялоого тете деп мүнөздөгөн.

Сөз 22-ноябрда Бенгази портуна жакын жерде Орусиянын кемелерине жасалган чабуул тууралуу болуп жатат. Украина кийинчерээк бул операцияны расмий түрдө ырастаган.

Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, чабуулдун бутасы Орусиянын «Меркурий» корвети жана MV Angara жүк ташуучу кемеси болгон. Операцияда Украинанын жети деңиз дрону колдонулган.

Украина тараптын билдирүүсүндө корвет жок кылынганы, ал эми жүк ташуучу кеме жабыркаганы айтылган. Киевдин маалыматына ылайык, аталган кемелер Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого пайдаланылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да операция өткөрүлгөнүн ачык ырастаган.

Муса аль-Куни Ливиянын аймагы, аймактык суулары жана инфраструктуралык объектилери өлкөнүн коопсуздугу менен туруктуулугуна коркунуч жараткан аскердик аракеттер үчүн пайдаланылбашы керектигин белгилеген.

Анын айтымында, Ливия күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн укуктук жана дипломатиялык механизмдерди колдонууга ниеттенүүдө. Ал бул маселе боюнча БУУнун Эл аралык сотуна, Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылууну көздөп жатканын билдирген.

Ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешин кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүүгө жана мындай чабуулдардын кайталанышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө чакырган.

Мындан тышкары, аль-Куни Ливиянын аскердик-саясий түзүмдөрүн чукул кеңешме өткөрүп, мындан аркы аракеттерди аныктоого үндөгөн. Ал өлкө жарандарына ички пикир келишпестиктерди четке кагып, улуттук кызыкчылыктарды саясий талаш-тартыштардан жогору коюуга чакырган.

Белгилей кетсек, Зеленскийди террорчулардын тизмесине киргизүү талабы Муса аль-Кунинин жеке позициясы болуп саналат. Азырынча Ливия же эл аралык уюмдар тарабынан мындай чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат жок.