Кыргызстанда 10 айда салыктык түшүүлөр 338 млрд сомдон ашты
2026-жылдын он айында Кыргызстандын бюджетине түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 338 млрд сомдон ашты. Салыштыруу үчүн, 2021-жылы бул көрсөткүч 105 млрд сомду, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 308 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришип, өлкөнүн салык системасындагы негизги беш өзгөрүүнү белгилешти.
Ведомствонун маалыматына караганда, 2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды чогултуу боюнча планды мөөнөтүнөн мурда аткарган.
Реформалардын негизги багыттарынын бири — салык кызматтарын санариптештирүү болду. Учурда салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын дээрлик бардыгы электрондук форматка өткөрүлдү. Алар калкты тейлөө борборлору, «Бирдиктүү терезе» системасы жана онлайн-сервистер аркылуу жеткиликтүү.
Онлайн салык кызматтарын пайдалануучулардын саны 1,7 млн адамдан ашты. Мурда бир нече күн талап кылынган иштерди азыр бир нече мүнөттө бүтүрүүгө болот.
Ошондой эле салык тармагына заманбап санариптик технологиялар киргизилүүдө. «Салык Күзөт» системасы мыйзам бузууларды аныктоого жардам берсе, базарларда жана ири соода борборлорунда салыктык администрациялоо процесстери санариптик форматка өткөрүлдү.
Мындан тышкары, ишкерлер жана жарандар үчүн бир катар салыктык жеңилдиктер киргизилди. Атап айтканда, айыл чарба жерлери 2030-жылга чейин салыктан бошотулду. Транспорт салыгы жоюлду.
Тигүү жана текстиль тармагындагы ишканаларга салыктык жеңилдиктер берилип, зергерчилик тармагы үчүн салык ставкалары төмөндөтүлдү. Креативдүү индустриянын өкүлдөрү беш жылга бирдиктүү салыктан бошотулду. Коомдук тамактануу жана курулуш тармактары үчүн жеңилдетилген салык шарттары каралган.
Ошондой эле жылдык кирешеси 15 млн сомго чейинки чакан ишкердик субъекттери салыктарды төлөөдөн бошотулду.
Жарандар үчүн жалпыга бирдей салык декларациясын тапшыруу милдети, ал эми ишкерлер үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү колдонуу талабы жокко чыгарылды.
Мамлекеттик салык кызматы бул өзгөрүүлөр салык жүгүн азайтууга, салык төлөөчүлөр менен иштешүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана салыктык администрациялоону санариптештирүүгө багытталганын белгиледи.
