«Манас» аэропортунда тышкы миграцияны эсепке алуу системасы эки сааттан ашык иштеген жок
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

«Манас» аэропортунда тышкы миграцияны эсепке алуу системасы эки сааттан ашык иштеген жок

24-ноябрда эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында техникалык мүчүлүштүк катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, система саат 06:23төн 08:30га чейин иштеген эмес.

Бишкек убактысы боюнча саат 08:30да Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын иши толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда аэропортто чек ара көзөмөлү штаттык тартипте жүргүзүлүүдө.