Стамбулда кыргыз элинин бай маданий мурасын, улуттук баалуулуктары көрсөтүлдү
Маданият министрлиги
24 ноябрь

Стамбулда кыргыз элинин бай маданий мурасын, улуттук баалуулуктары көрсөтүлдү

2026-жылдын 23-ноябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында жайгашкан «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, Стамбул түрк дүйнөсүнүн маданий кварталынын директору Абдүлметин Кескин жана мекендештер катышты.

Ачылыш азем Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик программасы менен башталып, андан соң расмий өкүлдөр сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Айбек Дайырбеков кыргыз элинин бай маданий мурасын, улуттук баалуулуктарын жана каада-салттарын Түркияда таанытууга шарт түзүп берген Стамбул шаардык мэриясына ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз элинин көчмөн жана дыйканчылык маданиятын айкалыштырган өзгөчө жашоо философиясы, кол өнөрчүлүгү жана руханий дүйнөсү тууралуу айтып, көргөзмөдө орун алган боз үй кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн, меймандостугунун жана ынтымагынын символу экенин белгиледи.

Ошондой эле этномаданий көргөзмө кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый, руханий жакындыгын бекемдөөгө, орток маданий баалуулуктарды жайылтууга жана Кыргызстанды эл аралык маданий мейкиндикте таанытууга маанилүү салым кошорун баса белгиледи.

Ачылыш аземинин алкагында коноктор Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында жайгашкан «Кыргызстан маданият үйү» менен таанышып, кыргыз элинин этнографиялык буюмдарын, улуттук кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн, салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспонаттарды көрүштү.

Иш-чаранын соңунда делегация Топкапы маданий паркында жайгашкан «Серен 1453» тарыхый музейине экскурсия жасады.