видеодон алынган кадр
24 ноябрь
Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жатат
Бүгүн, 24-ноябрда, Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында аба ырайы бүркөк болуп, кар жаап жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Өтмөк ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат. Учурда автомобиль жолунда каттам ачык.
Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Ал эми Бишкек–Торугарт автомобиль жолундагы Долон ашуусунда аба ырайы ачык. Жол таза, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоого жана кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө чакырат.
