Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу байгелүү орундарга ээ болушту
Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан U-15 жаш курактык категориясында катышкан Саида Сабырова жана Кенчгүл Жээнбекова байгелүү орундарга ээ болушту.
Саида Сабырова 44 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Сабрина Ахмедованы 15:4 эсебинде жеңди.
Андан соң Россиянын спортсмени София Агокованы 10:2 эсебинде утуп, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Азербайжандын өкүлү Захра Мамедованы 6:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Ал эми 40 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан 13 жаштагы Кенчгүл Жээнбекова күмүш медаль жеңип алды. Алгачкы беттешинде Россиянын өкүлү Разилия Балгазинаны 3:2 эсебинде жеңсе, экинчи беттеште Индиянын өкүлү Деванандинини мөөнөтүнөн мурда утту. Финалдык беттеште Россиянын өкүлү Мелания Широкаяга жеңилип, дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Белгилей кетсек, грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында мелдештер U-15, U-17, U-20 жана чоңдор арасында уюштурулуп, 25-ноябрга чейин уланат.
