Ош шаарында “Жамийла” жана “Письма-самолётики” спектаклдери көрсөтүлөт
видеодон алынган кадр
25 ноябрь

Ош шаарында “Жамийла” жана “Письма-самолётики” спектаклдери көрсөтүлөт

Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры Кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана 12-декабрь – кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна “Жамийла” жана “Письма-самолётики” спектаклдерин тартуулайт.

Спектаклдар 15–16-декабрь күндөрү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры көрсөтүлөт. 

Спектаклдер жаш муундарды мекенчилдикке, эли-жерин сүйүүгө, тарыхый мурастарды урматтоого жана улуттук баалуулуктарды сактоого үндөө максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн спектаклдерге кирүү акысыз.

Ош шаарындагы мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин спектаклдерди көрүүгө активдүү катышууга чакырабыз!