Депутат улуттук оюндарды олимпиадалык спортко теңөөнү  сунуштады
25 ноябрь

Депутат улуттук оюндарды олимпиадалык спортко теңөөнү  сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Сариев кыргыздын улуттук спорттук оюндарын өнүктүрүүнү сунуштады.

“Биз 4 жолу Көчмөндөр оюнун өткөрдүк. Бул оюнду өткөрүүнүн максаты ар бир улут улуттук спорттук оюндарын көрсөтүү керек болчу. Кийинки Көчмөндөр оюну Казань шаарында болот, алар басымды өздөрүнүн улуттук спорттук оюну – самбо күрөшүнө жасап башташты”, – деди ал.

Депутат улуттук спорттук оюн – бул тарых жана маданият экенин белгилеп, кыргыздын улуттук оюндардын өнүктүрүү максатында 2027-жылдын бюджетинен акча бөлүүнү сунуш кылды.

“Өз оюндарыбызды жок дегенде спорттун олимпиадалык түрлөрүнө теңеп коюшубуз керек”, – деди Сариев.