Баткенде сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин 300дөн ашуун эмгеги коюлган музей ачылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
25 ноябрь

Баткенде сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин 300дөн ашуун эмгеги коюлган музей ачылды

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Айрыбаз айылында сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин элдик сүрөт музейи иштеп жатат. 

Жаңыдан ачылган музей менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева жеринде таанышып чыккан. 

Кадамжай районунун акиминин орун басары Мирлан Айтматов музейдин ачылышы, анын ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрүн өткөрүп, чыгармачылыгы эл аралык деңгээлде таанылган сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин эмгектери эми туулган жеринде да көрүүчүлөр үчүн жеткиликтүү болду.

Майдан айыл аймагынын каржылык колдоосу менен ачылган музейге сүрөтчүнүн 300дөн ашык эмгеги коюлган.

Бул маданий жай көркөм өнөргө кызыккан жаштар үчүн таанып-билүү аянтчасы болуп, сүрөт искусствосуна болгон кызыгууну арттырууга жана таланттуу сүрөтчүнүн чыгармачылыгын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле сүрөтчүнүн эмгектеринде аймактын тарыхы,маданияты,салт санаасы чагылдырылып,келечек муунга үлгү болчу улуу инсандардын сүрөттөрү коюлган.

Белгилей кетсек, Асатилла Тешебаев Россиянын, Австриянын жана Кыргызстандын сүрөтчүлөр бирикмелеринин мүчөсү. 2021-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка татыган. Ал эми 2025-жылы Москва шаарындагы Улуттар үйүндө «Жашоо чыйыры» аттуу жеке көргөзмөсүн өткөргөн. Мындан тышкары, сүрөтчүнүн эмгектери Европанын бир катар өлкөлөрүндө өткөн көргөзмөлөргө коюлган.