Тыгынды азайтуу: Депутат аткаминерлердин жумуш убактысын саат 07:00дөн 16:00гө чейин өзгөртүүнү сунуштады
Иллюстрациялык сүрөт
25 ноябрь

Тыгынды азайтуу: Депутат аткаминерлердин жумуш убактысын саат 07:00дөн 16:00гө чейин өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы жолдорго түшкөн транспорттук жүктү азайтуу максатында айрым министрликтердин кызматкерлеринин жумуш графигин өзгөртүү сунушталды.

Депутат жол тыгындарын азайтуу үчүн буга чейин студенттердин сабак баштоо убактысы саат 10:00гө жылдырылганын эске салды. Ушундай эле ыкманы мамлекеттик кызматкерлерге карата да колдонууну сунуштады.

«Келгиле, эксперимент катары бир нече министрликти башка жумуш графигине өткөрөлү. Баары сыяктуу саат 09:00дө эмес, эртең мененки саат 07:00дө иш башташсын. Ал эми саат 16:00дө жумушун аякташсын», — деди эл өкүлү.

Анын пикиринде, жумуш убактысын өзгөртүү транспорт агымын бөлүштүрүүгө, кызуу маалда жолдордогу жүктү азайтууга шарт түзөт. Ошондой эле кызматкерлерге үйүнө эртерээк кайтып, үй-бүлөлүк иштерине убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Депутат мындай эксперимент борбор калаадагы жол тыгындарын кыйла азайтууга жардам берерине ишеним билдирди.