Жаңы спорт аянтчалары жана көрктөндүрүлгөн аймактар: Бишкек шаарынын мэри №58 жана №56 мектептердин абалы менен таанышты
25 ноябрь

Жаңы спорт аянтчалары жана көрктөндүрүлгөн аймактар: Бишкек шаарынын мэри №58 жана №56 мектептердин абалы менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы социалдык объектилерди кыдырып, анын алкагында №58 мектептин аймагын көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы жана №56 мектепте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

№58 мектептин 2,3 гектарды түзгөн аймагында масштабдуу көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар ойноочу аянтчалар курулуп, чуркоо жолдору төшөлдү. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, отургучтар жана таштанды челектери коюлду. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жасалып, автоматтык сугат системасы орнотулду. Мындан тышкары, тротуарлар жаңыланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Кыдыруунун жыйынтыгында мэр мектептин аймагындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүп, кошумча жалбырактуу бак-дарактарды отургузууну жана аймакты мүмкүн болушунча жашылдандырууну тапшырды.

Мындан тышкары, мектепке жакын жайгашкан Восточная көчөсүндөгү узундугу 230 метрди түзгөн кире бериш жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Учурда пландалган иштердин 60 пайызга жакыны аткарылды.

Ошондой эле шаар башчысы №56 мектепке барып, капиталдык оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктаганын көрдү. 1971-жылы курулган бул мектеп кеңейтилгенден кийин 1 400 окуучуга ылайыкталган. Капиталдык оңдоонун алкагында окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган имаратты комплекстүү жаңылоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда мектептин жыйындар залында оңдоо иштери жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Кыдыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев калган көрктөндүрүү иштерин сапаттуу жана толук бүтүрүүнү, мектептин жанында унаа токтотуучу жай уюштуруу маселесин кошумча иштеп чыгууну, ошондой эле жашыл аймактарды кеңейтип, бак-дарактардын санын көбөйтүүнү тапшырды.