«Ак илбирс байырлаган Талас тоолору: маралдардын саны 70тен ашты»
Таластын тоолору өзүнүн кайталангыс кооз жаратылышы жана жапайы жаныбарлар дүйнөсү менен айырмаланат. Бул аймакта тоо эчкилери, аркар-кулжалар, аюу, сүлөөсүн, ал тургай, сейрек кездешүүчү ак илбирсти да жолуктурууга болот. Мындан бир нече жыл мурда Алтайдан алынып келинген маралдар да жергиликтүү шартка жакшы көнүп, көбөйө баштаган. Бүгүнкү күндө алардын саны 70тен ашты.
Таластын тоолорундагы жаныбарлар дүйнөсү, маралдарды көбөйтүү демилгеси, ак илбирс менен болгон кызыктуу учурлар, чет өлкөлүк туристтер, браконьерликке каршы күрөш жана тоо туризминин өзгөчөлүктөрү тууралуу «Маунтаин Тур Талас» компаниясынын жетекчиси Батыркан Кутманалиев менен маектештик.
– Батыркан Эргешбекович, Таластын тоолору жаратылыш байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул аймакта жапайы жаныбарлардын кандай түрлөрү жашайт? Алардын кайсылары көп, кайсылары сейрек кездешет?
– Таластын тоолору жапайы жаныбарларга абдан бай. Аймакта эң көп кездешкен жаныбарлардын катарына тоо эчкилери менен текелер кирет. Мындан тышкары, аркар-кулжалар жана Алтайдан алынып келинген маралдар да бар. Канаттуулардан кекилик, улар, бүркүт, жорулар жана үкү кездешет.
Ал эми ак илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу жаныбарлар салыштырмалуу сейрек учурайт. Аларды көрүү ар кимге эле насип боло бербейт. Айрыкча ак илбирс – тоонун сырдуу жаныбары. Ага туш болуу үчүн тоодо көп жүрүп, жаратылышка байкоо салуу керек.
Жалпысынан Таластын тоолорунда туристтерди кызыктырган кооз жерлер да, жапайы жаныбарлар да арбын.
– Таластын жаныбарлар дүйнөсү тууралуу сөз болгондо, маралдарды көбөйтүү демилгесин да өзүнчө белгилеп кетүү керек. 2022-жылы Алтайдан 35 марал алынып келинген эле. Бүгүнкү күндө алардын саны канчага жетти? Жергиликтүү шартка көнүп, көбөйө алыштыбы?
– Бул демилге 2022-жылы ишке ашырылган. Аны жүзөгө ашырууга облустун ошол кездеги губернатору Бакытбек Нарбеков, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облусундагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бекмурза Ашимов жана «Алтын Альянс» компаниясы колдоо көрсөткөн. Алгач Алтайдан 35 марал алып келинген.
Кудайга шүгүр, маралдар Таластын жаратылышына жакшы көнүп, көбөйүп жатышат. Алгачкы 35 маралдын саны бүгүнкү күндө 70тен ашты. Бул демилгенин натыйжалуу болгонун көрсөтүп турат. Жаңы жылдын алдында дагы бир жолу санап, алардын так санын аныктайбыз.
Учурда маралдар Беш-Таш жана Үрмарал аймактарында жашап жатышат. Алардын көбөйүп жатканы бизди абдан кубандырат. Анткени жапайы жаныбарларды табигый чөйрөгө жайгаштырып, алардын санын көбөйтүү – жаратылышты коргоодогу маанилүү иштердин бири.
– Сиз тоолордо көп жүргөн адам катары жапайы жаныбарларды жакындан байкап келесиз. Алардын ичинен сейрек кездешүүчү ак илбирске да бир нече жолу туш болгон экенсиз. Ошол учурлар тууралуу айтып берсеңиз.
– Ооба, ак илбирске бир нече жолу туш болгом. Бир жолу жылкыларды карап жүргөнүбүздө жылкыны кубалап келе жаткан илбирсти көрдүк. Бизди байкап, токтоп калды да, андан кийин кайра артка бурулуп кетти.
Ак илбирс – тоолорубуздун өзгөчө жаныбары. Ал тоо экосистемасындагы табигый тең салмактуулукту сактоодо маанилүү роль ойногон жырткыч. Негизинен тоо эчкилери, текелер жана башка жаныбарлар менен азыктанат. Кээде малчылардын малына да кол салган учурлары болот.
Бирок бул – жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүгү. Ар бир жаныбардын табиятта өз орду бар. Ошондуктан жапайы жаратылышты сактоо үчүн анын табигый тең салмактуулугун бузбоо зарыл.
– Таластын тоолору жапайы жаныбарлары менен гана эмес, кооз жаратылышы жана бийик тоолуу шарттары менен да туристтерди өзүнө тартат. Бирок мындай аймактарга чыгуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Туристтер арасында климатка, бийиктикке жана тоонун катаал шартына көнө албай кыйналгандар болобу?
– Албетте, андай учурлар кездешет. Айрыкча Европадан келген туристтер климатка жана бийик тоолуу шартка көнө албай кыйналышат. Айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп, кээ бирлери ат минүүдө да кыйналышат.
Анткени тоо – шаар эмес. Бул жерде жолдун татаалдыгы, бийиктик, аба ырайы жана жаратылыштын өзгөчө шарттары бар. Ошондуктан туристтер тоого келерден мурун даярданып, физикалык жактан да, психологиялык жактан да даяр болушу керек.
Туристтерди Таласка келгенде олжосуз кетти деп айтууга болбойт. Себеби алар тоолорубуздун кооздугун көрүп, бийиктигине, таза абасына жана кайталангыс жаратылышына суктанып кайтышат. Көпчүлүгү сапардан алган таасирине ыраазы болушат.
Биз үчүн туристтин Таластын жаратылышын жактырып, жакшы пикир менен кетиши да маанилүү.
– Туризмдин өнүгүшү менен катар тоолордун табигый байлыгын сактоо маселеси да маанилүү. Акыркы жылдары жапайы жаратылышты коргоо багытында кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз? Браконьерлик жана адамдын кийлигишүүсү жаныбарлар дүйнөсүнө кандай таасир этүүдө?
– Биздин байкообуз боюнча, Таластын тоолорунда жапайы жаныбарлардын саны көбөйүп жатат. Өзүмдүн байкоомо таянсам, жыл сайын тоо эчкилери менен текелердин саны болжол менен 50–60ка көбөйүүдө. Аюу жана башка жаныбарлардын да көбөйүп жатканын байкап жатабыз.
Албетте, жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүүдө аларды коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта көзөмөл күчөтүлүп, тоолорго фото жана видеокапкандар орнотулууда. Алардын жардамы менен жаныбарлардын кыймылына байкоо жүргүзүп, мыйзамсыз аңчылык фактыларын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындан тышкары, браконьерлик үчүн салынуучу айып пулдардын өлчөмү да жогорулады. Бул мыйзамсыз аңчылыкты азайтып, браконьерлерди токтотууга оң таасирин тийгизүүдө.
Эң башкысы, жаратылышты коргоо – баарыбыздын милдетибиз. Таластын тоолорундагы жаныбарлар бүгүнкү муунга гана таандык эмес. Биз аларды сактап, келечек муундарга да жеткиришибиз керек. Тоолорубуздун көркү – андагы жапайы жаныбарлар. Алар көбөйүп, эркин жашаса, Таластын жаратылыш байлыгы да арта берет.
