Кыргызстан менен Түрк инвестициялык фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
Экономика жана коммерция министрлиги
26 ноябрь

Кыргызстан менен Түрк инвестициялык фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

2026-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркинвестициялык фондунун жаңы президенти Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кубанычбек Өмүралиевди бул кызматка шайланышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан Фондду негиздөөчү мамлекеттердин бири катары өлкөдө Фонддун алгачкы долбоорлорун ишке киризүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Министр бул долбоорлорду даярдоого жана илгерилетүүгө министрлик көмөк көрсөтүүгө даяр экенинырастады.

Кубанычбек Өмүралиев 2026-жылдын 12-ноябрында Түрк инвестициялык фондунун президентинин кызматынаткарууга киришкен.

Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилигинин демилгеси менен кыргыз тараптан көрсөтүлүп, Фондго мүчө бардык мамлекеттердинколдоосуна ээ болгон.