Документтер туура эмес. Россия Кыргызстанга 19 тоннага жакын колбаса продукциясын кайтарды
25 ноябрь

Документтер туура эмес. Россия Кыргызстанга 19 тоннага жакын колбаса продукциясын кайтарды

Россиянын Оренбург облусунда Кыргызстандан ташылып келген 18,9 тонна колбаса продукциясы кармалып, жүк толугу менен жөнөтүүчүгө кайтарылды.

Россиянын Россельхознадзорунун аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, мыйзам бузуу Самара – Большая Черниговка багытындагы М-32 автожолунда ветеринардык көзөмөл учурунда аныкталган.

Текшерүүдө коштоочу документтерде продукциянын физикалык-химиялык, химиялык-токсикологиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жок экени белгилүү болгон.

Бул Ветеринардык көзөмөлдү жөнгө салуучу Бажы бирлигинин комиссиясынын №317 чечиминин талаптарын бузуу болуп саналат.

Жүктүн ээси административдик жоопкерчиликке тартылды. Салмагы 18,9 тоннаны түзгөн колбаса продукциясынын бардык партиясы Кыргызстанга кайтарылды.