Эстен кеткис элестер
Залкар инсандардын көзү өтсө да, алардын өнөрү, басып өткөн жолу элдин эсинде калат. Ал эми адамдык сапаттарын, күнүмдүк жашоодогу кулк-мүнөзүн замандаштарынын эскерүүлөрүнөн билебиз. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын алардын көзүн көргөн адамдардын катары да суюлуп баратат. Ошондуктан ар бир эскерүүнү жазып, кийинки муунга калтыруу биз үчүн баалуу.
Бул ирет Келдибек Ниязов кыргыз өнөрүнүн залкарлары Мыскал Өмүрканова менен Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу эскерди. Ал өзү күбө болгон окуяларды, эсинде калган учурларды окурмандар менен бөлүштү.
«Мыскал эже ырдап атканда күйүп турган лампочка жарылып кеткен экен»
– Мен Мыскал Өмүрканова эжени 1972-жылы көрүп калдым. Азыркы Турусбеков менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратты кышкы филармония деп койчубуз. А жайкы залыбыз Панфилов паркында, конторабыз дагы башка жакта.
– Ай, баланчаны көрдүңбү?
– Конторго кетти.
– Түкүнчөнү көрдүңбү?
– Зимнийде жүрөт.
– Баланчаны көрдүңбү?
– Летнийден көргөм, – деп эле филармониянын артисттери ушул үч имараттын ортосунда жөө темселеп жүрчүбүз.
Ошол зимний залыбызда Чоро Кожомжаровдун эстрада группасында иштейм. Күн сайын аспаптарда ойноп даярданабыз. Бир жолу кара байбиче кирип келди. Ал кирип келгенде музыканы токтотуп, Чоро чуркап барып кемпирди отургузуп, колунан өөп калды.
Байбиче жоолугунун астын бошотуп, ыкшып жөтөлдү да, бопорос сурады. Бирөө берди окшойт, аны бир-эки соруп:
– Ой, ары өтөм, бери өтөм, мобуну эле каңкылдатып атасыңар. Сен, ушу, Чоро, комузду деле унуткан болушуң керек, ушул каңкылдакка кирип кеттиң, – деди эстраданы жактырбаган түр менен.
Анда Чоро:
– Жок, комузду кантип унутайын! – деп чертип берсе, тим эле жыргап укту. Анан аябай батасын берип, коштошуп кетип баратып оор үшкүрүнүп чыгып кетти.
Ал кеткенден кийин Чоро:
– Эй, тааныдыңарбы? – деди эле, бир-экөөсү эле тааныганын айтышты. Калганыбыз тааныбайт экенбиз.
Анда Чоро:
– Атаңдын оозун урайындар, бул Мыскал Өмүрканова деген алтын үн! Мындай үн азырынча жарала элек! – деди.
Мыскал эжени мына ошентип көрүп калгам. Ошондон көп өтпөй эле 1976-жылы 61 жашында кыштын күнү каза болбодубу. Көрсө, биз алгач көргөндө 60ка чыга элек жаш эле аял болгон экен.
Мыскал Өмүрканова Жумгалдын Баш-Кууганды айылында төрөлгөн экен. 16–17 жашында коңшу Эпкин айылынан Сагынаалы дегенге турмушка чыгыптыр. Сагынаалы комузду сол колу менен чертчү экен.
Жайында чөпкө чыгышканда түшкү маалда Сагынаалы комуз чертип, Мыскал ырдап, орокчулардын көңүлүн ачышчу тура.
Кадимки алп Кожомкул Кара-Балтада колхоздо актив болуп иштеп турганда жумуштап Жумгалга барып калат. Шериктери менен атын бастырып баратса, талаадан укмуш бир керемет үн чыгып жатат дейт. Айланасын караса, эч ким жок. Үн чыккан жакка бир топ аралыкка чейин бастырып барышса, бийик чөптүн арасында орокчулар тегерете отурушуп, ортодо Сагынаалы комуз чертип, Мыскал ырдап атыптыр.
Кожомкул орокчулардын куюп берген жармасынан ичип, Мыскалды кайра-кайра ырдатып угуптур. Андан кийин:
– Мындай талант айылда калбаш керек, сиз борборго барышыңыз керек, – деп Мыскал эжени күйөөсү менен Фрунзеге жөнөткөн экен.
Эженин үнүнүн ушунчалык күчтүүлүгүн ушундан бил – ырдап атканда күйүп турган лампочка жарылып кеткенин өз көзү менен көргөндөрдөн уккам.
Чындыгында, мындай алтын көмөкөй 100 жылда да кайталанган жок. Кайталангыс талант эле...
«Бүбүсара Бейшеналиеванын коюн союп бергем»
– Жетимишинчи жылдардын башында ошол эле Чоро Кожомжаровдун ансамбли Сирияга кетет деп даярданып калдык жанагы «зимний» залыбызда. Анан агыш пальто, зыңкыйган кызыл өтүк кийип, жоолугун алдына байлап салынган Бүбүсара эжебиз кирип келет.
Ал келгенде баарыбыз залдын төрүнө качып барып, ошол жакта отуруп турабыз. Даяр турган музыканттар «Кантым барды» ойношот, эже бийлейт. Үч же төрт жолу бийлегенден кийин бүтүрүп, кийинип чыгып кетет. Чоро аны узатып келгенден кийин биз ишибизди кайра улантабыз.
Ноябрь айлары болсо керек, бир жолкусунда Чоро узатып сыртка чыгып кетти да, кайра эле келип:
– Келдибек! – деп мени чакырып, эшикке алып чыкты.
Сыртта Бүбүсара эже турат. Учурашсам:
– Саламатчылык, – деп «жарк» этип жылмайып койду.
Ошол жылмаюусу азыр да көз алдымда сакталуу, мындай керемет күлкүнү мен бир да ургаачыдан көрө элекмин.
Чоро:
– Мына, ушул бала кой эмес, уй, жылкыны да соёт, – деп мени эжеге тааныштырды.
Көрсө, эки күндөн бери кой сойдурганга киши таппай жүрүптүр. Чоро мени жөнөтүп жатып:
– Эй, акча берсе албагын, чай ич десе да ичпе, коюн союп берип эле кайра жумушка тез кел, – деп дайындады.
Азыркы Турусбеков көчөсүнөн баштап Дзержинский бульварына чейин жөө кетип баратабыз. Эже аскерлерче кадам таштап, чыкыйып басып баратат, мен шелпелектеп артынан кетип баратам...
Ошентип Дзержинкага жетип бурулганда эле бир үйдүн короосунда кой маарап туруптур. Үйүнө кирсек, Опера-балет театрында иштеген атактуу эжелер чай ичип отурушуптур. Ошол кезде мода беле, баары эле орусча сүйлөшөт. Анан тамеки тартып атышат.
Бүбүсара эже аларга мени көрсөтүп:
– Мына, касапчыны таап келдим! – деп күлдү.
Мен «жип керек» десем, кир жайган жиптин бирөөсүн чечип беришти. Эркек жок үй да, бычактары мокок экен, аларды курчуттум.
Үйдө конокторго чай берип жүргөн бир келин бар экен, ал ичеги-карынын жуумай болду. Биз короого чыгып, үйдөгүлөр балконго чыгышып бата кылдык да, койду ары-бери союп салдым.
Этти көтөрүп ашканага алып кирип:
– Кандай кылып бузуп берейин? – деп баягы келинден сурадым.
Ал барып эжеден сураса:
– Кечинде сыйлуу коноктор келет, ошого ылайыктап бузсун, – дептир.
Анда келин:
– Чыңгыз Айтматов келет экен, – деп кулагыма шыбырап атпайбы.
Чын эле Чыңгыз Айтматов анан бир министр аялы менен келмек экен. Мен жиликтерди бөлүштүрүп, тиги келинге дайындап кирдим:
– Могу оң жамбашты бир кабырга кошуп Чыңгыз Айтматовго тарткыла, бул жото жиликти министрге, аялына болсо кичирээк жамбашты тарткыла, адашып калба, – деп.
Тамак жасачу эттерин өзүнчө бөлүп бердим.
Ошентип баарын бүтүп, колумду жууп жатсам:
– Кирип чай ич, – деп калды.
Чоронун айтканын эстеп:
– Жоок, рахмат, жумушта күтүп жатышат, – деп шашкан киши болуп атам. Болбосо мени эле ким күтүп атты эле?..
Анан бутумду кийип жатсам, жыйырма сом берип атпайбы. Жыйырма рубль оголе көп акча да ал кезде. Менин бир айлык маянам 69 сом болчу.
Албайм деп көшөрсөм:
– Тогда я обижусь, – деп баягыдай күлкүсү менен акчаны төш чөнтөгүмө кыстарып койду.
Баягы жол менен баспай эле учуп келатам... Жолдон гастрономго кирип, майда-чүйдө алып:
– Бүбүсара Бейшеналиеванын коюн союп келдим, – деп мактанып балдарга алып бардым.
Эртеси кайра Чоро чакыртат. «Бир нерсе жакпай калган го» деп барсам:
– Эй, сен укмуш турбайсыңбы, койду бат союп, Опера-балеттин аялдарынын оозун ачырыптырсың. Сени Бүбүсара эже аябай мактады, – дейт.
Чындыгында, мал сойгон жагынан мастер болчумун. Таятамдын колунда өскөм. Жайлоого чыгабыз, колхоздун чабыр койлорун таятам 4-класста окуган итирейген бала мага сойдурчу.
6–7-класстарда окуганда айылдын баарынын коюн союп, устукандап, кайсы аксакалга кайсы жиликти тартыш керек экенин бүт айтып берчүмүн.
Текстти редакциялап, кайра көчүрүп жазЭскерүү текстин кыскартып, жатык кыл
