Экономика жана коммерция министрлиги
25 ноябрь
Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 25-ноябрда өттү.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын учурдагы ишмердигин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди жандандырууну макулдашып, практикалык натыйжаларга жетишүүгө жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө басым жасашты.
