Салык кызматында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу маселелери каралды
2026-жылдын 25-ноябрында Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу жана коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешме МСКнын төрагасынын орун басары Нурлан Мамановдун төрагалыгы алдында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Ахматовдун катышуусунда өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматы тарабынан коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленди. Анын жыйынтыгы менен коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар жагдайлардын тизмеги бекитилди. Тиешелүү буйрук Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген.
Аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү биринчи кезектеги милдеттердин бири катары белгиленди.
Буга байланыштуу МСКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине аныкталган тобокелдиктерди жана коррупцияга өбөлгө түзүүчү факторлорду жоюу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коомдо коррупциянын көрүнүштөрүнө карата чыдамсыз мамилени калыптандырууга багытталган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда жана Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу маселелери каралды.
Коррупциянын алдын алууда салыктык башкарууну санариптештирүүнүн ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Ахматов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтүү, электрондук отчеттуулукту жана салыктарды төлөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү салык төлөөчүлөрдүн салык органдарынын кызматкерлери менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү зарылдыгын азайтууга, салыктык жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
МСК аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, салык жол-жоболорун өркүндөтүүгө, салык органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана салык төлөөчүлөр үчүн санариптик сервистерди андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен коррупциянын алдын алуу боюнча системалуу ишти улантат.
