Садыр Жапаров АКШ элчиси менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Стивен Гилленди кабыл алды.
Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы Элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, быйыл эки өлкө дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 3 5 жылдыгын, ошондой эле эгемендүүлүккө ээ болгон күндөрүнүн маанилүү даталарын белгилеп жатканын айтты.
Президент Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөнү өнүктүрүү жолунда АКШ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалай турганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы, экономикалык жетишкендиктер, мамлекеттик институттарды чыңдоо, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү тууралуу айтып берди. Ушуга байланыштуу Президент эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгына токтолду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШнын Президенти Дональд Трамптын Борбор Азия менен мамилелерди чыңдоого жана кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин жогору баалай турганын белгиледи.
Ошондой эле ал кыргыз тарап АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде банк жана каржы тармактарында, тоо-кен өнөр жайында жана энергетика жаатында мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Президент быйыл АКШга жасаган иш сапарларынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, америкалык “Wabtec”, “Boeing” жана башка компаниялар менен биргеликте долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Өз кезегинде АКШнын Элчиси Стивен Гиллен эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерге токтолуп, АКШнын ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Элчи Кыргызстандын жетишкендиктерин жана экономикалык өсүш темптерин жогору баалап, өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылууда Президент Садыр Жапаровдун башкы ролун өзгөчө белгиледи. Ошону менен бирге АКШ бул оң багытты улантууда ишенимдүү өнөктөш катары колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Элчи ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда ишке ашырылып жаткан экономикалык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерде белгилүү бир прогресске жетишүүгө үмүт артты.
Мындан тышкары, Стивен Гиллен Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, АКШнын бул эл аралык аянтчада тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
