Ош шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн «АРТ СИНТЕЗ» аттуу көргөзмөсү ачылды
Маданият министрлиги
26 ноябрь

Ош шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн «АРТ СИНТЕЗ» аттуу көргөзмөсү ачылды

2026-жылдын 25-ноябрында Ош облустук Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн «АРТ СИНТЕЗ» аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага мМаданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, көргөзмөнүн ачылышы менен чыгармачыл жамаатты жана жаш сүрөтчүлөрдү куттуктады.

Ал өз сөзүндө улуттук көркөм өнөрдү өнүктүрүүдө жаш сүрөтчүлөрдүн орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын чыгармачылык изденүүлөрүнө, жаңы идеяларына жана заманбап искусствого кошкон салымына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мындай көргөзмөлөр жаш таланттарды колдоого, алардын эмгектерин кеңири коомчулукка таанытууга жана улуттук маданий мурасты жаңыча чечмелөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Көргөзмө Кыргызстандын түштүк аймагындагы сүрөтчүлөрдүн жаңы муунунун чыгармачылыгын бириктирип, алардын көркөм изденүүлөрүн, өзгөчө автордук көз караштарын жана заманбап искусствого болгон мамилесин чагылдырат.

«АРТ СИНТЕЗ» көргөзмөсүнүн негизги концепциясы — салттуу баалуулуктар менен жаңычыл идеяларды, академиялык көркөм мектеп менен эркин чыгармачылык экспериментти айкалыштыруу. Экспозицияда улуттук мотивдер жана заманбап көркөм тенденциялар, классикалык формалар жана жаңыча чечмелөөлөр өз ара айкалышып, муундар менен көркөм багыттардын ортосундагы диалогду түзөт.

Көргөзмөгө живопись, графика, скульптура, инсталляция жана көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы эмгектер коюлду. Чыгармалар аркылуу аймактагы заманбап сүрөт искусствосунун көп кырдуулугун жана өнүгүү багыттарын көрүүгө болот.

Иш-чара жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын кеңири коомчулукка таанытуу, алардын көркөм изденүүлөрүнө колдоо көрсөтүү жана ата мекендик заманбап искусствону өнүктүрүү максатын көздөйт.

Көргөзмөнүн куратору — Равшан Маматкулов.

Көргөзмөгө Советбек Аманов, Айбарчын Ганиева, Айжамал Жоробаева, Улан Жусупов, Алик Мамазияев, Равшан Маматкулов, Алижан Маматосмон уулу, Мирлан Мамытов, Асель Ормокеева, Ильгиз Приев, Ибрагим Раимжанов, Равшанбек Тайирбек уулу, Салман Тургунов, Айбек Шамшиев жана Азат Шамшиевдин эмгектери коюлду.

Көргөзмө Ош облустук Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүүдө.