«Баткен Сити» жаңы шаарын эл аралык соода борборуна айландыруу пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
25 ноябрь

«Баткен Сити» жаңы шаарын эл аралык соода борборуна айландыруу пландалууда

«Баткен Сити» жаңы шаарын куруу Баткен облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу долбоорлордун бири болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан облусту 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын долбоорунда айтылат.

Географиялык жайгашуусун эске алуу менен жаңы шаарды соода-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн, чек ара кызматташтыгынын жана маданий байланыштардын заманбап борбору катары өнүктүрүү пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек.

Ошондой эле Баткен облусунда заманбап индустриалдык парк түзүү жана Өзбекстан, Тажикстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү каралган.