Экономика жана коммерция министрлиги
26 ноябрь
Кыргызстан менен Дания соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулады
2026-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Дания Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ларс Туэсен менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Даниянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегинталкуулашты.
Өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, кыргыз продукциясынДаниянын рыногуна чыгарууга, өнөр жай кооперациясынөнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба, кайра жаралуучуэнергетика, суу чарба, транспорт, логистика жана туризм тармактарындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнүн эки тараптуу механизмдерин түзүү жана каржы-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүмүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Даниянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана келечектүү багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.