Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасында «Достук» соода аймагын түзүү пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
26 ноябрь

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасында «Достук» соода аймагын түзүү пландалууда

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен аймакта «Достук» соода аймагын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан Баткен облусун 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын долбоорунда айтылат.

Соода аймагын түзүү үч мамлекеттин экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана чек арага жакын аймактарда ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Документте белгиленгендей, Баткен облусунун ыңгайлуу географиялык жайгашуусу эл аралык сооданы өнүктүрүүгө, логистикалык борборлорду жана чек арадагы соода аянтчаларын курууга шарт түзөт.

Келечекте аймак Борбор Азиядагы маанилүү транзиттик-логистикалык жана соода борборлорунун бирине айланышы мүмкүн.