Кыргызстан туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде 65-орунду ээледи
сүрөт: depositphotos.com
26 ноябрь

Кыргызстан туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде 65-орунду ээледи

Кыргызстан 2027-жылы саякаттоо үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн жана аймактардын рейтингинде 198 өлкөнүн ичинен 65-орунду ээледи. Өлкө 100 баллдын ичинен 70,30 балл алган.

Рейтингди CEOWORLD Magazine эл аралык басылмасы жарыялаган. Баалоодо АКШ менен Канаданын саякатчылар үчүн мамлекеттик сунуштары, Глобалдык тынчтык индекси, коопсуздукту кабыл алуу деңгээли жана адам өлтүрүү фактыларынын статистикасы эске алынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү Өзбекстан көрсөтүп, 81,03 балл менен 27-орунду ээледи. Казакстан 76,87 балл менен 44-орунга, Түркмөнстан 72,45 балл менен 57-орунга, ал эми Тажикстан 68,11 балл менен 73-орунга жайгашты.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында 89,72 балл менен Сингапур турат. Экинчи орунду Япония (88,91), үчүнчү орунду Исландия (88,73) ээледи. Алдыңкы бештикке ошондой эле Словения жана Швейцария кирди.

Рейтингди түзүүчүлөрдүн классификациясына ылайык, Кыргызстан туристтер үчүн коопсуздук деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кирген. Бул категорияда жалпысынан 51 мамлекет бар.

Кыргызстан рейтингде Германиядан (67-орун), Италиядан (71-орун), Улуу Британиядан (76-орун), АКШдан (87-орун) жана Франциядан (105-орун) алдыга чыккан.

Ошол эле учурда изилдөөнүн авторлору рейтинг коопсуздукту, анын ичинде кылмыштуулуктун деңгээлин гана эмес, бир катар көрсөткүчтөрдүн жыйындысын эске алуу менен түзүлгөнүн белгилешет. Баалоодо саякатчылар үчүн расмий эскертүүлөр эң чоң салмакка — 35%га ээ. Андыктан өлкөлөрдүн рейтингдеги орду сунуштардын жаңыланышына жараша өзгөрүшү мүмкүн.