«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору каралды
24 ноябрь

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Айдарбек уулу Талас тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча пайдасынын жүз пайызын республикалык бюджетке которуу аркылуу республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын өнүгүүсүнө, анын ичинен коргоо системаларын, өзгөчө антифрод-платформаларды өркүндөтүүгө жетиштүү каражат бөлүү тууралуу маселе көтөрдү. Ал эми эл өкүлү Махабат Мавлянова аялдардын ишкердигин колдоо программасын ишке ашыруу, анын ичинен кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү аркылуу колдоо көрсөтүү маселесин ортого салды. Муну менен катар депутат Илимбек Кубанычбеков Улуттук банктын пайдасынын көлөмүнө кызыкса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева тарабынан да анын пайдасынын негизги булактары тууралуу суроо берилди. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуровдун маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында Улуттук банктын пайдасы болжол менен 57 млрд сомду түзгөн.

«Негизги киреше чет өлкө валютасы, баалуу кагаздар жана баалуу металлдар менен байланышкан операциялардан түшөт», - деди Мелс Аттокуров.

Ал эми депутат Медер Чотонов Улуттук банктын каражаттарын которууда көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүү тууралуу сөз кылды. Депутат Улан Примов Улуттук банктын пайдасынын 95 пайызын республикалык бюджетке которуп, калган 5 пайызын банктын өнүгүүсүнө жана башка максаттарына жумшоо үчүн өзүндө калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Муну менен катар депутат Жумабек Салымбеков мыйзам долбоорунун 2-беренесине байланыштуу маселени тактаса, эл өкүлү Уланбек Жаанбаев акча рыногун турукташтыруу жана бул багыттагы тобокелдиктерди башкаруу маселелерине токтолду.