Ми-8 тик учагынын кыйрашы: мурдагы командир жана аскер бөлүгүнүн командири кармалды
Башкы прокуратура
24 ноябрь

Ми-8 тик учагынын кыйрашы: мурдагы командир жана аскер бөлүгүнүн командири кармалды

Ми-8 тик учагынын кыйрашы боюнча Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы жана аскер бөлүгүнүн командири кармалды, деп билдирет КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш ишин тергөөнүн алкагында топтолгон материалдардын жана соттук-техникалык экспертизалардын корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы К.А. жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири Д.Д. кармалды.

2024-жылдын 17-январында №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунун аймагында окуу-машыгуу учуусун жүргүзүү учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кыйраган. Кырсыктын кесепетинен тик учактын командири С.Ж. каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 млн сомдон ашкан.

Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан тик учактын кыйрашынын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аталган окуяга тиешеси бар экендиги аныкталган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.