Алмаз Имангазиев: 10 айда кыргызстандык мигранттар тарабынан балдар үйлөрүнө калтырылган 50дөн ашуун бөбөктү мекенге алып келдик
2026-жылдын 10 айында Россия жана башка өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттар тарабынан балдар үйүнө калтырылган 50 чакты бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында эмгек министри Алмаз Имангазиев билдирди.
Депутат Гуля Кожокулова аутизм диагнозу коюлган балдардын келечегине кандай кам көрүлүп жатканын жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттардын балдар үйүнө таштаган балдары тууралуу сурады.
“Аутизм диагнозу коюлган балдар чоңоет, бирок алардан аутизм кетпейт. Ата-энелердин санааркап жатканы ушул нерсе: булар кийин кантип жумушка орношот? Бала баары бир социалдашуусу керек, ата-эне аны менен өмүр бою жүрө албайт. Бул боюнча кандай иштерди жасап жатасыңар? Кандайдыр бир программа түзүлүүдөбү?” – деди депутат.
Имангазиев аутизм – бүгүнкү күндүн оор көйгөйү экенин белгиледи. Айтымында, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка тиешелүү министрликтер менен биргелешип, бир катар долбоорлордун үстүндө иштешүүдө. Анын бири – реабилитациялык борборлорду куруу.
Министр белгилегендей, реабилитациялык борборлор бир гана Бишкек жана Ош шаарында эмес, райондук борборлорго да курулат.
Анда аутизм жана башка диагноздуу балдар ар кандай машыгуудан, дарылануудан өтүүгө толук шарт каралат. Аны менен катар райондук борборлорго сырттан машыктыруучуларды алуунун ордуна, ошол балдардын ата-энелерин тартуу каралган. Ал муну мындай балдарды окутуу, машыктырууну өз ата-энесинен мыкты эч ким жасай албастыгы менен түшүндүрдү.
Ошондой эле министрдин айтымында, 2026-жылдын 10 айында Россия жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашуун кыргызстандык бөбөк алып келинген.
Бул бир жагынан караганда аз, бир жагынан көп. Көп балдар Россиядан келди, орус өлкөсүндө учурда жарым миллиондой кыргыз жараны иштеп жүргөнүн эске алганда, бул сан аз”, - деди ал.
“Биз бир да баланы калтырбайбыз, баарын алып келебиз”, - деди министр.
Ал белгилегендей, бул жаатта Кыргызстан менен Россиянын макулдашуусу бар жана анын алкагында Кыргызстандын камкордук органдары балдарды алып келишет.
Гуля Кожокулова башка өлкөлөрдөн алып келинген балдарды жетим же таштанды деп атоого болбой турганын, иш жүзүндө ата-энесиз болгону менен, мыйзам алдында тууган-туушканга ээ экенин билдирди. Ошондой эле депутат мигранттардын бул жакка – туугандарына калтырган балдары айрым учурда ар кандай зомбулукка кириптер болоорун да эске салды.
“Туугандардын колунда калган балдар зомбулукка кириптер болгону бар. Ата-энесинен алыс өсүп, көзөмөл жок кылмышка баргандар же өздөрү запкы көргөндөр бар. Биз бул маселеге катуу көңүл бурбасак болбойт, миграция балдарынын экинчи мууну өсүп жатат. Бала төрөлгөндөн баштап эрезеге жеткенге чейин бир гана ата-эне жооптуу. Жоопкерчиликти албаган ата-энени ата-энелик укуктан ажыратууну карап көргүлө”, - деп сунуштады депутат.
